Айтылуу финансист, соопкер Жорж Соростун Кыргызстанга иш сапарынын изи сууй электе ишин баштаган “Ачык Кыргызстан” долбоору биртоп максат-милдеттерди камтыйт. Ага жарандык коом менен бийликтин ортосундагы карым-катышты, кабыл алынчу чечимдерге калктын катышуу мүмкүнчүлүгүн түзүү, туура чечимдерди кабыл алуу, көпчүлүктүн пикирин маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтып туруу озуйпасы жүктөлгөн.
“Ачык Кыргызстан” долбоору жалпысынан үч багытта – аналитикалык, маалымат, медиа багытында иш алып барат. Биринчи топко чогулган эксперт-талдоочулар даярдалып жаткан чечимди талдоого алып, бүтүмүн жарыя кылат. Медиа тобу Интернетте атайын баракча ачып, ага маанилүү маалыматтардын текши баарын чогултуп, аны менен көпчүлүктү тааныштырып туруу милдетин өзүнө алган. Маалымат тобу теле-радио аркылуу көпчүлүк катышкан жандуу көрсөтүү, берүүлөрдү даярдайт. Белгилүү теманын тегерегинде айтылган пикир-сунуштар жалпы республика калкына көрсөтүлөт.
“Сорос-Кыргызстан” корунун жарандык коомдун саясий активдүүлүгүн жандантууга багытталган жаңы долбоору азырынча эки жылга деп чыгарылууда. Иштин жүрүшүндө анын айрым багыттары алымча-кошумчаланып же алынып салынышы ыктымал.
- Албетте, келип түшкөн маалыматтардын баары иргелет. Жөнөтүлгөн маалыматтардын баары эле жарыяланбайт. Биз башка сайттарда жарыяланган материалдарды, гезиттерге чыккан макала, маалыматтардын Интернет ресурска чыга электерин тандап алабыз,- дейт долбоордун башкы редактору Марина Сивашова.
Кыргызстандын алыскы айыл-кыштактарына маалыматтын убагында жетиши ушу азыркыга чейин олуттуу проблема бойдон калууда. Жаңы долбоор демилгечилери бул кенемтени жоюш амалында жергиликтүү маалымдоо каржаттарына материалдык-техникалык колдоо көрсөтүү максатын көздөшүүдө. Долбоордун башчысы Руслан Хакимовдун айтуусунда, жергиликтүү журналисттерге мыкты компьютерлер берилип, алардын Интернетке чыгышына шарт түзүлөт:
- Интернетке чыгыш үчүн жергиликтүү маалымдоо каражаттарына мини гранттарды беребиз. Иштеши үчүн жакшы компютерлерди таратабыз. Алар маалыматты бизге жөнөтүп турушат. Башкача айтканда, иш жүзүндө биз жалпы Кыргызстанды камтуу аракетин жасап жатабыз. Ал үчүн жергиликтүү маалымдоо каражаттарына колдоо көрсөтүп, өздөрүнүн веб-сайтын ачышына жардам беребиз,- деп айтты Руслан Хакимов.
Азырынча жаңы долбоор орус тилинде чыгат. Кыргызча ыраатка салынган ырасмий компьютер тамгасынын жоктугунан долбоордун кыргызча ишке ашырылышы бираз кечеңдебирээк калууда. Руслан Хакимовдун айтуусунда, жакын арада долбоор кыргызча да иштей баштайт.
-Сайт канчалык көп болсо Кыргызстанга эле жакшы. Чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыздар жеринде эмне болуп турганынан кабардар болуп туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат,- дейт “Алмаз” радиосунун жетекчиси Рустам Кошмуратов.
- Бул сайт аркылуу биздин жергиликтүү журналисттердин эларалык мейкинге чыгуу мүмкүнчүлүгү ачылууда. Фонд бара-бара маалыматтарды дүйнөлүк рынокко алып чыгууну көздөөдө. Анан да журналисттердин өзүнө деле чоң мүмкүнчүлүк түзүлүп атпайбы. Биздин басылмаларда жарыяланган материалдардын текши баары эле Интернетке чыкпайт,- деди “Слово Кыргызстана” гезитинин кабарчысы Тамара Слащева.
Жаңы долбоордун жетекчиси Руслан Хакимовдун ырасташынча, максат жалпы элге эркин маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү. Кыргызстандын шартында бул өзгөчө маанилүү милдет.