Линктер

жума, 26-май, 2017 Бишкек убактысы 21:05

Жумгал жана Нарын райондорунун акимчилиги айылдарды таза суу менен камсыздоо долбооруна салкын мамиле кылууда


НАРЫН. 3-майда мындай пикирди «Айылдарды таза суу менен камсыздоо жана санитария» долбоорунун Нарын облусундагы кеңешчиси Жаныбек Байсынов билдирди. Долбоордун кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын март, апрель айларында жер-жерлерде болушуп, 2005-жылда долбоорго кирүүчү айылдарды аныктоо жүргүзгөн. Анда Нарын жана Жумгал райондорунда тиешелүү мекеме, уюмдар тандап алуу ишине толук катышпай, ишке кедергисин тийгизишкен. Жаныбек Байсыновдун айтымында, келерки жыл үчүн региондон 32 долбоор түшкөн жана анын 18и жактырылат. Азыр 5 гана долбоор тендердик комиссиянын кароосуна даярдалды. Ал эми Нарын районундагы Экинарын, Жергетал айыл тургундарынын курулушка керектелүүчү каражаттын 5 пайызын накталай чогултуудан баш тарткандыктары үчүн долбоор тутумунан чыгарылды. Өткөн үч жыл аралыгында Теңиртоо жергесинде 41 айыл долбоорго камтылган. Азыр анын үчөөнө таза суу берилип, 12 айылда курулуш иштери жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG