Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:49

Ирактын Нажаф шаарынын жанындагы америкалык база аткылоого алынды


Бүгүн Ирактын Нажаф шаарында шийилердин радикал лидери Муктада ас-Садрга лоялдуу күчтөр АКШ аскерлерине каршы чабуул жасашты. Бир катар агенттиктер калаанын жанындагы америкалык база минометтон аткылангандыгын кабарлашты.
Америкалык аскерлер жооп кайтарып, аткылашуунун натыйжасында ирактык эки киши, анын ичинде полиция кызматкери набыт болду.
Багдаддын түштүгүндө болсо америкалык бир аскер окко учту, экөө жаракат алды.
Ушул эле күнү БУУнун адам укуктары боюнча эксперти Фаллужадагы коалиция аскерлери карапайым калкка каршы ашыкча күч колдонгонун жана пациенттерге жардам көрсөтүүдө дарыгерлерге тоскоолдук түзгөнүн далилдеген фактылар бар деп билдирди.
Пол Хант мындай учурларды териштирүү үчүн көз карандысыз комиссия түзүүнү сунуш кылды.
Анын аралыгында, Фаллужада дагы 6 офицер Ирактын абактарындагы зөөкүрдүгү үчүн сөгүш алды.
Буга чейин алты жоокерге каршы кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG