Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Караколдук мусулмандар Мухамбед пайгамбардын туулган күнүн белгилешти


КАРАКОЛ. Бүгүн Каракол шаардык мусулмандар мечитинде Мухамбет пайгамбардын туулган күнүнө арналып мавлюд өттү. Облустун казысы молдо Шакирдин айтымында, Мухамбет пайгамбардын туулган күнүнө арналган мавлюддун мааниси терең. Бул күнү мусулман момун жандарга ислам дини, Мухамбет пайгамбардын хадистери ыйык куран, мусулманчылыктын парздары тууралуу кеңири түшүнүк берүү вазийпасын аткаруу менен кайрымдуулук иштери да жүргүзүлөт. Тактап айтканда, каралашаар адамы жок жалгыз бой карыларга, жетим-жесирлерге тамак аш, айрымдарына акчалай жардамдар берилет. Быйыл экинчи жолу белгиленип жаткан мавлюдга кирген адамдардын саны өткөн жылга салыштырмалуу кыйла көп болду. Мечитке табынууга келгендердин пикиринде кандайдыр улуу күчтүн бар экенине ишенүү бул ыйманга келүү.

XS
SM
MD
LG