БИШКЕК. Каржы министрлиги «Камкор» камсыздандыруу компаниясын банкрот деп жарыялоо аракетин улантууда. Апрель айынын министрликтин арызын экономикалык маселелер боюнча Бишкек район аралык соту четке каккан. "Камкор" компаниясынын жетекчилиги иштен четтетилип, учурда убактылуу администратор башкарууда. Бул тууралуу 7-майда министрлик ырасмий билдирүү таратты. Анда "Камкорду" банкрот деп жарыялоо бул компания аркылуу камсызданган адамдарды коргоп, өлкөдөгү социалдык толкундоолорду алдын-алуу аракети экендиги айтылган. Ошол себептен 6-майда министрлик район аралык соттун чечимине макул эместигин билдирип, жогорку инстанциядагы сотко аппеляциялык арыз жолдогон.