«Жакынкы чыгышта тынчтык орнотулсун!», «Биз согушка карщыбыз!», «Зордук-зомбулук токтотулсун!» деген ураандар жазылган плакаттар менен 7-май күнү 30дай адам наарызылык акциясына чыгышты. Пикет Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында өттү. Алар АКШ жана Британия аскерлеринин Ирактагы согушта туткунга түшкөн атуулдарын шылдыңдап, кыйноосун токтотуу талабын коюшту. Ошондой эле нааразылык билдиргендер АКШ, Британия бийликтеринен өз аскерлерин Ирактан алып чыгып кетишин да талап кылышты.
Пикетке чыккандардын бири - «Рух, дөөлөт жана ыйман» коомунун президенти Дүйшөн ажы Абдылда уулу жалпы дүйнөлүк коомчулукту демократияга, адам укугун коргоого үйрөтүүгө далалат кылып аткан АКШ, Британия өлкөлөрүнүн аскерлери тарабынан ушундай иш болуп жатканы уят деп эсептейт:
- Согуш туткундарын кыйноо дүйнөлүк келишимдерге, эл аралык Женева конвенциясынын токтомдоруна каршы келет. Цивилизация, демократия деп дүйнөнүн башка элдерине үйрөткүсү келген АКШ, Британия өлкөлөрүнүн аскерлери мындай ишке барып жатканы уят.
Ал эми укук коргоочу Турсунбек Акун мындай адамгерчиликсиз ишке кыргыз коомчулугу да кайдыгер карабаш керек деген пикирде:
- АКШ, Британия аскерлери туткундарды кыйнап жатышат. Биз буга каршыбыз. Кыргызстан Ирактан алыс турса дагы, биз атуулдарды кыйноого каршыбыз!
Бул нааразылык акциясын өткөрүү боюнча бийликтен урксат суралган эмес. Ошого карабай ага күч органдары тоскоол кылган жок, акция тынч өттү. Бул тууралуу пикетке байкоо жүргүзүп турган «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова мындай деди:
- Бүгүнкү пикет уруксат берилбегенине карабастан тынч маанайда өттү. Эч кандай укук бузуулар, мыйзам бузуулар болгон жок. Милиция кызматкерлери тарабынан да кармап кетүү же тыюу салуулар болгон жок.
Ирактагы согушта туткунга түшкөн атуулдарды кыйноону токтотууну талап кылган пикет бир жылдан берки согушта шейит кеткендерге багышталып куран окуу менен аяктады.