Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:13

ПРЕЗИДЕНТ БОЛГУСУ КЕЛГЕН КУРМАНБЕК БАКИЕВ АЛГАН КРЕДИТИН КАЙТАРБАЙ ЖҮРӨБҮ?


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Борбордук шайлоо комиссиясы келерки жылы болуучу парламенттик жана президенттик шайлоонун качан болоор так күнүн белгиледи. Мына ошол алдыдагы президенттик шайлоого азыркы президент Аскар Акаев катышууга Башмыйзам жол бербейт деп расмий түрдө билдиргенден бери, шайлоого катышаарын ачык айтып саналуу гана саясатчылар чыкты. Алардын бири - экс-премьер-министр Курманбек Бакиев. Бирок соңку кездерде анын айланасында ар кандай пикирлер айтылып, бир туугандары кызматтан бошотула баштаганы маалымдалууда. Кээ бир эксперттер бул жагдайды абакта жаткан Феликс Куловго колдонгон бийликтин алгачкы ыкмалары менен окшоштуруп жатышат.

- Курманбек мырза, келерки жылы парламенттик, андан кийин президенттик шайлоо качан болорун Борбордук шайлоо комиссиясы коомчулукка ачыктады. Сиз эң алдын президенттик шайлоого катышам дегенден кийин сиздин айланаңызда ар кандай саясий оюндар башталганын маалымат каражаттары да жазууда. Ушундай саясий оюндардын болуп жатканынан улам, сиз президенттик шайлоого катышам дегениңизге бүгүн өкүнбөйсүзбү?

- Өкүнбөйм. Себеби, мага, анча-мынча бир туугандарыма тийишкендер көбөйүп атат. Бирок мен ойлойм, мунун жакшы жагы да бар, ким-ким экенин, журналист болобу, саясатчы болобу, ким кандай экенин ачык билип калат экенсиң. Ошол жагынан мен өкүнбөсөм деле болот.

- Курманбек мырза, сиздин айланаңызда ар кандай сөздөр жүрүүдө. "Курманбек Салиевичтин арты таза эмес, коррупцияга аралашкан" деген сыяктуу. Мына анын бир мисалы, бул Беловодскидеги жүгөрүнү кайра иштетүүчү завод. Ал жерде миллиондогон кредиттер алынып, ошол кредиттер кийин сиз тарабынан кайтарылбай калганы тууралуу.

- Мен ал макаланы "Агым" гезитинен окудум. Чынын айтканда, менин дарегиме бир гана ошол гезиттен көбүрөөк көңүл бурулуп атат. Ал завод мен Чүйдө губернатор болуп иштеп жатканда ГАО болгон, 80 пайыздан ашык акциясы мамлекеттики болчу. Демек, андай мамлекеттик ишканаларда жетекчилерди мамлекеттик мүлк фондусу дайындайт. Ошол кезде да, азыр деле ошондой. Ошондо Дувидзон деген директорду мүлк фондусу дайындаган. Бирок 3 млн. кредитке Бакиевдин тиешеси барбы, же жокпу деп атпайбы. Мен ачык айтам, ал кредитке тиешем таптакыр жок. Ал кредитти алганын мен билген да эмесмин. Кийин билгенден кийин генералдык директорду чакырып айттым "мынча кредит алыптырсыз, мен эмне үчүн облустун жетекчиси катарында билбейм" деп. Ал киши мага мындай деп жооп берди: "Мен эмне үчүн сизге отчет беришим керек. Мен өзүнчө чарбалык субъектти башкарып, өз ишимди өзүм жүргүзөм, өзүм жооп берем" деп мени кичине ыңгайсыз шартка коюп койду. Бир жагынан аныкы туура. Ал завод боюнча болгон окуя ошол. Аны финансылык полиция, салык инспекция деген текшерүүчү органдар бар. Бакиевдин тиешеси барбы ал 3 млн. кредитке же жокпу, аны оңой эле текшерип алса болот. Чукуп-чукуп ушуну табышыптыр, башка эч нерсе таппагандан кийин.

-Сиздин артыңызды чукуп, ушундай материалдарды чыгарып аткан өзү ким деп ойлойсуз?


-Мен ойлойм, бул "Агым" гезити аркылуу берип жаткан заказчиктер Ак үйдүн 6-7-кабатында иштеген мырзалар. Мен өзүм билем ким экенин, 2-3 киши бар. Менин байкашыма караганда, алар "азыркы мезгилде Бакиев президенттикке талапкер болом деп чыкты. Ошол мезгилге жеткирбей бир нерсе кылып, кемчиликтерин таап элдин астына алып чыксак" деген ойлору бар. Бирок андан эч нерсе чыкпайт.

- Айрым бир маалымат каражаттарында сиздин дагы бир, мындайча айтканда, былык иштериңиз бар деп жазып жатышат. Бул Жалалабаддагы мамлекеттик резервде турган буудайды сатып ийгениңиз. Ушуга дагы сиздин тиешеңиз бар экен. Бул тууралуу эмне дейсиз?

- Мен Жалалабад облусуна 1995-жылы жазында губернатор болуп келдим. 1996-жылды жалалабаддыктар билет, Кыргызстан боюнча бардык жерде ун маселеси абдан оор болуп турган. Ошол мезгилде мага Жалалабаддан көп кишилер, карыялар, балалуу энелер келип "балам, ундун баасы базарда 350-400 сомго чыгып кетти. Биз бир кап унду алууга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Эмне кылабыз, ачка өлүшүбүз керекпи" деп мага кайра-кайра кайрылгандан кийин мен өкмөткө кайрылгам. Анда Апас Жумагулович өкмөт башчысы болуп иштеп аткан. Мен ага кайрылып айттым, Жалалабаддагы "Дан азыктын" кампасында мынча тонна буудай жатат, ал мамлекеттик резервдики, ушуну бергиле, эки айдан кийин биз жаңы буудайдын эсебинен кайра толуктап коёбуз десем. Бир, эки жума өттү чечим жок. Жалалабадда абал абдан курчуп кетти. Ошондуктан биз областтык коллегияны чогултуп, облустун токтому менен жоопкерчиликти өзүмө алып, чечим чыгаргам. Ал өз убагында аткарылган, өз убагында толуктатып, өз убагында жабылган. Эгерде жоопкерчиликти өзүмө албай тим койгонумда тополоң чыгып кетсе, анда да мен жооп берет элем. Бирок биз элди сактап калдык. Ал боюнча мага бирөө сөгүш берген жок. Мен президентке айткам, "күтүп, тополоң чыгып кетпесин деп кабыл алдым" деп. Ал болгон окуя. Жашыра турган эч нерсе болгон жок.

- Курманбек мырза, сиз көп жылдары өндүрүштө иштедиңиз. Чын эле артыңыздагы иштердин бүт бардыгы таптаза деп ойлойсузбу?

- Аткаруу бийлиги болобу, мен парламентте да иштеп жатам азыр, дайыма эле мыйзамдын чегинде, катачылык кетпей иштеш кыйын, айрыкча чарбачылык иште. Мен чарбада көп жыл иштеген жетекчи катары айтам, мыйзам бузуулар болгон. Көкжаңгакта 1985-жылдан 1990-жылга чейин директор болуп иштегем. Мен барганда ошол завод отуруп калган болчу, эң артта калган завод. Кээ бир учурда тартип бузуулар болгон. Мисалы, бир жолу мындай болгон, бир маселени чечүү үчүн башкы бухгалтерим көнбөйт, "бул мыйзам бузуу, мен буга кол койбойм" деп. Мен ага түшүндүрүп жатам, эгерде ушул акчаны өз убагында чечпесек, анда завод продукциясын чыгара албай, подставкалар болбой калат деп. "Жок мен аныңызды билбейм, бул инструкцияга карама- каршы келет" дейт. Мен дароо аны чакырып, документке өзүм кол койгом. Жоопкерчиликти бүт өзүмө алдым. Бирок ошол мен которгон акча менин колума түшкөн жок да. Мен өндүрүш үчүн жасадым аны. Ошол учурда завод планын толтурду, жумушчулар сыйлык алды. Эмнеси жаман. Мен айткым келет, айрыкча өндүрүштө иштеген жетекчилер жакшы билет, дайыма эле тартип бузуусуз түптүз иштеш кыйын, мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG