Илхам Алиев кечээ кол койгон жардык анын атасы, өлкөнүн мурдагы президенти, маркум Гейдар Алиевдин туулган күнүнө арналды. Бошотулгандардын арасында эл аралык укук коргоочу уюмдар "абийир туткуну" деп сыпаттаган үч киши бар. Мунапыс алгандардын көпчүлүгү аскердик милдетин аткарбай, же аскерден качкандар болду.