Айрым аналитиктер Кытай Элдик Республикасынын калкы 1 млрд. 300 млн. чамалуу деп айтышат. Миңдеген кылым тарыхы бар элдин уникалдуу абалын түшүнүш үчүн азыркы кытай менен кыргыздардын улуттук курамын салыштырсак жетиштүү. 5 млн. чамалуу калкы бар Кыргызстанда 100дөн ашык улут жана калктардын өкүлдөрү жашаса, 1 млрд. ашык эли бар Кытайда болгону 56 этникалык топтор катталган. Кытай керемети аталган мындай уникалдуу кубулуштун сыры кыязы, алардын өлкө камын жеп, элдин кызыкчылыгын көздөгөн саясатына байланыштуу болсо керек.
Биздин заманга чейин III к. соңунда Хунн Шаньюйу Маодунь Кытайга кол салып, императордон ханайымдын колун сураган. «Жапайы калктын» өкүмдарынын мындай «орой опузасына» император аябагандай каарданып, аз жерден жинин элчилерден чыгара жаздайт. Ошондо императордун кеңешчиси Лю Цзун ага мындай акыл айтат: «Эгер, сиздин Улуу даражалууңуз Маодунга чындап эле улуу аялыңыздан төрөлгөн биринчи кызыңызды күйөөгө берсеңиз, анда себине деп мол белектерди жөнөтүңүз. Хунн өкүмдары белекке азгырылып, сиздин кызыңызды ханыша деп жарыялайт. Андан уул төрөлүп, ал Шаньюйдун мураскери болот. Кези келгенде ал хунн өлкөсүн башкарып калат».
Тактап айтканда, императордун кызы хунн өкүмдарынан бала төрөп, ал ага кытайча бешик ырын ырдап, кытайча тарбия бермек. Кытай стратегдери минтип хунндардын канын бузабыз дешкен. Ал эми, көчмөндөргө арналган кымбат белектер алардын көзүн бузууга арналган. Адатта, тери шым кийип, ат жалында ойногон жоокерлер жибек шымга жеткенден кийин, кымбат кездемени аяп, ач көздүк сезим жаралмак. Кытай стратегдери көчмөндөрдү таттуу тамактар менен тойгузуш керек деген максат коюшкан. Мындай жол менен алар көчмөндөрдүн оозун жабышып, качандыр бир кезде жоокер калк болгон элди жалкоо жана бекерпозчулукка көндүрүүнү көздөшкөн.
Кытай акылмандарынын кийинки максаты империяга чектеш жайгашкан көчмөндөр үчүн базар ачып, ал жерде кытай ырлары менен музыка ойнолушуна багытталган. Кытай стратегдери муну менен биз көчмөндөрдүн кулагын жабабыз дешкен. Башкача айтканда, кытай музыкасын уккан көчмөндөрдүн дили бузулмак.
Чындап эле кытайлыктар түндүк тарапта жашаган көчмөндөрдөн коргонуш үчүн 6,5 миң км. созулган Улуу Кытай дубалын курушкан. Кийин кытай акылмандары арбын жумушчу күчүн, материалдык жана финансылык каражат талап кылчу чыгымдарга караганда, көчмөндөргө кыз берип, алардын канын бузуп, белек берип, аларды ачкөздүккө азгырып, бекер тамакка тойгузуп, жалкоолукка көндүрүп, кытайдын ыр жана музыкасы менен алардын дилин бузуу жеңил экендигин буга чейин туп туура 2200 жыл мурда билишкен.