Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:55

КРЕМЛЬ ЧЕЧЕНСТАНДЫ ЖЕТЕКТӨӨ МИЛДЕТИН КИМГЕ ТАПШЫРАТ?


Төрөкул Дооров, Москва Өткөн жекшембиде Чеченстандын президенти Ахмад Кадыров Грозный шаарындагы стадиондо болгон жардыруудан каза тапкан. Республиканы убактылуу башкаруу, анын Башмыйзамына ылайык, президенттин милдетин аткаруу Сергей Абрамовго убактылуу жүктөлдү. Ал эми буга чейин президенттик коопсуздук кызматын жетектеп турган Ахмад Кадыровдун уулу Рамазан Кадыров эми вице-премьер болуп дайындалды. Чеченстандын турмушунда жакынкы мезгилдерде кандай саясий өзгөрүүлөр күтүлөт? Республика башына Кремль кимди дайындашы мүмкүн?

«Эми Чеченстанды ким башкарат?». Учурдун табышмагына айланган бул суроонун артында турган божомолдор чачтан көп. Чечен парламенти тандала элек, ал эми убактылуу Борбордук Шайлоо комиссиясынын кызмат мөөнөтү аяктап калды. Дал ушул мезгилде ырасмий Москва менен чечен калкынын ортосунда тең салмактуулукту кармап турган президент Ахмад Кадыровдун өлүмү Кремлдин шайын кетиргендей болду. 9-май – майрам күнүндөгү жардыруу мамлекеттин Чеченстанда жүргүзгөн акыркы жылдардагы саясатын толук жокко чыгарышы мүмкүн.

Азырынча чечен президентинин милдетин аткарып турган Сергей Абрамов жардыруудан каза тапкан президент Ахмад Кадыровдун уулу Рамазан Кадыровду өзүнүн орун басардыгына дайындады. «Бийликти эми дал ушул 27 жаштагы Рамазан Кадыров мурастап алышы мүмкүн» деген ойлор байма-бай айтылууда. Бирок республиканын Конституциясына ылайык, жашы 30га жете элек атуулдар президенттикке талапкер катары көрсөтүлө албайт. Ушундан улам бул вариант аны кароого деле татыктуу эместей туюлат. Ошентсе да «эгерде керек болсо, Башмыйзамдын бул талабын дагы бир элдик референдум менен өзгөртүү деле татаал эмес» дешет бул ойду колдогондор.

«Саясий изилдөөлөр борборунун» жетекчиси Андрей Пионтковскийдин оюнда, Рамазан Кадыровдун мүмкүн президенттик такка келиши эң начар жолдордун бири:

- Негизи Рамазан Кадыров бийликке келгенден Кремлдин чечен саясаты эч кандай деле өзгөрбөйт. Бирок эгерде Ахмад Кадыровду чечен жеринде өзүнүн салмагы, эл ичинде кичине болсо да абройу бар саясатчы катарында таанысак, анын уулу Рамазан Кадыров элдин аң-сезиминде адам укуктарын орой бузуп жаткан кылмышкер топтун башчысы атын алып жүрөт. Эл аны атасынан бетер жек көрөт.

Мына ушундай эле ойдо турган «Саясий маалымат борборунун» жетекчиси Алексей Мухиндин айтымында, Рамазан Кадыровдун бийликке келиши Москвага эч кандай пайда алып келбейт. Муну Кремлдегилер деле жакшы түшүнүшөт дейт аналитик. Ушундан улам, проблеманы чечүүнүн башка жолдорун тандоо керек. Мухин мырзанын буга карата өзүнүн жеке варианты бар.

- Ушул тапта Москва үчүн Чеченстанда президенттик шайлоо өткөрүп, ага чечен элинде жогору абройго ээ, ошол эле учурда Орусияга ык алган Асланбек Аслахановду шайлоо пайдага гана турмак. Анткени, Аслаханов мурдагы Ахмад Кадыровдун оордун баса ала турган жалгыз фигура. Албетте, ал Кадыровдой таасири күч эмес. Ошондуктан, Чеченстанда туруктуулукту орнотуу оңой болбойт, -деди орусиялык талдоочу Алексей Мухин.

Орусиянын президенти Владимир Путин шейшемби күнү Чеченстандын өкмөт мүчөлөрү менен болгон жолугушууда 9-майдагы жардырууну «Орусияга дагы бир жолу сабак болду» деп тааныды.

Путиндин сөзүн талдап, Андрей Пионтковский Орусиянын Чеченстанда жүргүзгөн саясаты түгөнбөгөн катачылыктар менен коштолуп келгендигин, ар кайсыл учурда Орусия тандоого коюлган чечимдердин ичинде эң начарына азгырылып келгендигин билдирет жана бул жолдон баш тартуу керектигин айтат.

Кантсе да, бул жолу каралып жаткан бир канча жолдордун ичинде федералдык бийлик чечен жеринде эртерээк президенттик шайлоону өткөрүүгө ооп жатканы байкалат. «Республиканын президентин шайлоо жөнүндөгү» мыйзамга ылайык президенттик шайлоону үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрына чейин өткөрүү зарыл.

XS
SM
MD
LG