Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:38

КАРАБАТКАК УЧАСТКАСЫНДА ЖЕР КӨЧКҮ ЖҮРДҮ


Кожогеди Култегин, Ош 10-май күнү кечинде Каракулжа районундагы 1-май кыштагынан анча алыс эмес Карабаткак деген участкада жер көчкү жүрүп, эки адамды басып калган. Оштогу кабарчыбыз кырсык болгон жерге барып келген Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин башчысынын биринчи орун басары Мамажусуп Нышанбаевге айрым суроолор менен кайрылды.

- Мамажусуп Нышанбаевич, Каракулжадагы жер көчкү кыйраканы тууралуу кабарды качан уктуңуздар, эмне иш-чаралар жасалып жатат?

- Биз бул жөнүндө кечээ эртең менен саат тогузга он беш мүнөт калганда уктук. Ушул райондун акими бизге кабарлады. Биз шашылыш түрдө Ош облустук атуулдук коргонуу штабынын башчысы, полковник Жыргалбек Укашев экөөбүз Каракулжага кеттик. Саат 11 чамасында акимди алып, кырсык болгон жерге бардык. Ал жер Каракулжа районунун Каракулжа айыл өкмөтүнүн 1-май айылынын тоонун арасында 5 км. жерде Карабаткак деген участка. Ал аймакта эч кандай элдер жашабайт. 1-май айылынын тургундарынын жазгы эгин, семичке, картошка айдаган жерлери.

- Көчкү астында калышкан Жоомарт Алиев жана анын баласы Жоомарт улуу Мамат кырсыкка кандай кырдаалда кабылышкан өңдүү?

- Ошол көчкү жүргөн жерде булар атына чөп жыйнап алалы деген максатта, эки капка чөп салып жаткан кезде көчкү басып калган. Үйүнө келбей калгандыктан эртеси издеп, таба алышпай, районго кабарлаган экен.

- МЧСтин кабарларында куткаруу иштери жүргүзүлүп жатат деп айтылууда?

- Бизге шашылыш түрдө кабар келгенден кийин эле дароо МЧСтин он чакты куткаруучулары, айылдан 100-150дөй киши барып, казуу иштерин жүргүзүп жатышат. Азырынча кишилердин сөөгү табыла элек.

- Маркумдардын үй-бүлөлөрүнө адаттагыдай эле материалдык жардам берилеби?

- Азыр ушул боюнча губернатор буйрук чыгарып, каза болгон кишилерге 10 миңден үй-бүлөсүнө 20 миң сом губернатордун эсебинен берилип жатат мамлекеттик администрация тарабынан.

- Кыргыз өкмөтү тарабынанчы?

- Бул жерде даана айтып кетүү керек, башка үйлөр кырсыкка кабылган жери жок. Буларды кокустан талаадан көчкү басып атат. Аны МЧС өздөрү карап турушу керек.

12-май күнү Каракулжа райондук мамлекеттик акимчилигинен алынган маалымат боюнча маркумдардын сөөгү табыла элек. Дагы издейби же издөөнү токтотушабы - муну жергиликтүү эл, аксакалдар чечиши керек дешет. Кошумчалай кетчү нерсе - Ош облусу боюнча адам өмүрүнө кооптуу, жер көчкү жүрүшү мүмкүн делген 887 чөлкөм болсо, ошонун 304ү Каракулжа районунда.

Ошондой эле бул райондун 17 участкасынан үй-бүлөлөрдү көчүрүү жагы белгиленген. Жер көчкү коркунучу июнь айынын башына чейин созулат деген божомол бар.

XS
SM
MD
LG