Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Кондолиза Райс Москвада сүйлөшүүлөрдү өткөрөт


АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс Москвада сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Визиттин алкагында Райс айым Орусиянын президенти В.Путин менен жолугушаары күтүлүүдө. Анда башкы маселе – Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши жакында талкуулай турган Ирак боюнча резолюция болмокчу. Ал резолюция долбоору Ирактагы бийлик ирактыктарга өткөрүлүп бергенден кийин өлкөдө БУУ жана АКШ аткарчу ролдорду аныктамакчы. Москвадан кийин Кондолиза Райс Берлинде Палестин премьери Ахмед Курейи менен жолугушуп, баарлашаары белгиленген.

XS
SM
MD
LG