Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Түштүк Кореяда президент Но Му Хен бүгүн кайрадан кызматына киришти


Өлкөнүн конституциялык соту президентке импичмент жарыялаган парламенттин чечимин жокко чыгарды. Соттун төрагасы Юн Ён Чул импичмент иши судьялар арасында жетерлик колдоо таппай, натыйжада президентти кызматтан четтетүү жөнүндөгү чечим жараксыз деп табылганын тастыктады. Оппозиция артыкчылык кылган мурдагы улуттук жыйын быйыл 12-мартта Но Му Хенди коррупциялык иштери жана шайлоо жөнүндөгү мыйзамды бузганы үчүн айыптап, ага импичмент жарыялаган. Апрелдеги шайлоодо президенттин партиясы парламенттеги көпчүлүк орундарды жеңип алды.

XS
SM
MD
LG