Колдоруна «Тынч пикет өткөрүү конституциялык укугубуз”, ”Бийлик өкүлдөрү, он адамдын чогулуусуна каршы болсоңор, миңдеген адамдардын көчөгө чыгаарын унутпагыла”,”Атуулдардын эркин чогулуу укугун тебелөөгө жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн акысы жок” деген маанидеги чакырыктар жазылган плакатарды кармашкан он чакты киши бүгүн Өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыгышты. Ага укук коргоо уюмдарынын, коомдук фонддордун жана саясий партиялардын өкүлдөрү катышты.
Нааразылык акциясынын негизги талабы: тынч пикет, митинг жана жүрүш болуп жаткан мезгилде жарандарды бийлик тарабынан мыйзамсыз кармоону жана камоону токтотуу. Укук коргоочу Турсунбек Акуновдун айтымында, мындай кадамга барууга укук коргоочулардын жана атуулдардын тартип коргоо кызматкерлери тарабынан кармалып, сот жообуна тартылышы себеп болду:
- Көп жылдардан бери кыргыз бийлиги тынч чогулууга мүмкүнчүлүк бербейт. Пикетке, митингге чыккан адамдарды мыйзамсыз түрдө камап келе жатат. Куловдун убагында, Бекназаров камалганда, мына жакында эле 15-апрелде жөө жүрүшкө чыкканда кармады. Кыскасы, мыйзамдарды, Конституцияны, эл аралык нормалардын бардыгын бузуп жатышат. Ошол мыйзамсыз камоого каршы акция кылалы деп бүгүн пикетке чыгып атабыз.
”Кылым шамы” коомдук фондунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын сөзү боюнча, алар 17-майда пикет өткөрүүгө уруксат сурап Биринчи Май районунун жетекчилигине кайрылышкан. Бирок район башчылары оозеки макул болушканы менен, расмий түрдө уруксат беришкен эмес:
- Биздин коомдук фонд жети айдан бери Бишкектеги тынч жыйындарды өткөрүү боюнча мониторинг жүргүзүп жатабыз. Ушул убакыттын ичинде жергиликтүү бийликтен тынч жыйын өткөрүү үчүн уруксат сурап кайрылгандарга бир дагы жооп же уруксат берилген эмес. Бүгүн ошондой эле маселеге биз дагы кабылдык. 6-майда Биринчи Май райондук жетекчилигине уруксат сурап кайрылуу жазганбыз. Эч ким жооп берген жок. 14-май күнү үч киши болуп барып, райондун акими Саккараев менен жолугушканбыз. Ал: "чыксаңар мейли, Ак үйдөн бирөө менен жолугууга мүмкүнчүлүк түзүп берейин" деп айткан эле. Бирок азыр ал сөзүн танып атат,- дейт Азиза Абдурасулова.
Ал эми Биринчи Май районунун акими Марс Саккараев уюштуруучулар пикет өткөрүүгө уруксат сурап кайрылышпаганын, райондук жетекчиликке жөн гана билдирүү берилгенин айтты:
- Бизге уруксат сурап кайрылса анан биз ошону карайбыз. Анан бизден уруксат сурабай эле “чыгабыз” деп атса кантип уруксат берем?
Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Мехман Алиев пикетчилерден таркап кетүүнү талап кылды:
- Сиздер уруксат берилбеген митинг өткөрүп жатасыздар. Муну менен мыйзамдын 392-беренеси бузулууда. Ошондуктан тез таркап кетүүңүздөрдү талап кылам.
Тартип коргоо кызматкерлери эгер пикетчилер таркабаса, мыйзам чегинде күч колдонушаарын билгизишти.
Бир саат убакыттан кийин нааразылык акциясында тургандарга премьер-министрдин аппаратынан коргонуу жана укук коргоо иштери боюнча бөлүмүнүн сектор башчысы Таалай Жумадылов чыгып, сүйлөшүү жүргүзүүнү сунуш кылды. Анын айтымында, президенттик жетекчиликтен жана өкмөттүк аппараттан келген өкүлдөр пикетчилердин талап-дооматтарын угуп көрүп, аларды президентке жана өкмөт башчысына жеткиришет.
Таалай Жумадылов жана президенттик жетекчиликтен келген өкүл Калыбек Айталиев акциянын катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөндөн кийин пикетчилер тарап кетишти.
Сүрөттө: Бишкек шаарында 2003-жылдын 12-майында өткөн пикеттен көрүнүш ("Азаттыктын" архивинен).