Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Изралдин тик учмалары палестин качкындарынын лагерине сокку урду


Газа тилкесиндеги Рафах качкындар лагери бүгүн таңга маал Израилдин тик учмалары тарабынан ракета менен бир нече ирээт аткыланды. Кабарларга караганда, андан кеминде жети палестин мерт болуп, сегизи жаракат алган жана алардын арасында согушкерлер да бар. Рафах качкындар лагери Израилдин аскерлери менен танктарынын курчоосунда турат. Египеттин чек арасына жакын жайгашкан лагердин айрым тургундары Израилдин ири аскерий операциясынан чочулап, ал жерден качууда.
Кечээ БУУнун башкы катчысы Кофи Анан, Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери жана Германиянын канцлери Герхард Шрөдөр Израилди Газа секторунда палестиндерге караштуу үйлөрдү бузууну токтотууга чакырды. БУУнун башкатчысы Кофи Аннандын айтымында, акыркы эки аптанын аралыгында 2 миңден ашуун палестин үй-жайынан айрылган.

XS
SM
MD
LG