Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:02

Ичегинин жугуштуу оорусу күч


БИШКЕК. Республиканын аймагында жаш балдардын өлүмүнө себеп болгон дарттардын бири - ичегинин жугуштуу оорусу 3-орунда турат. Өткөн жылы өлкө боюнча ичегинин жугуштуу оорусуна чалдыккан 23 миңден ашуун 14 жашка чейинки балдар, 14 миңден ашуун 5 жашка чейинки балдар катталган. Бул тууралуу бүгүн жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордон билдиришти.

Дарыгерлердин билдиргенине караганда, күндүн кескин ысышы менен жугуштуу оорулар күч алат. Балдардын ооруп калышына, жугуштуу оорулардын тарап кетишине биринчиден чоң адамдардын кош көңүл мамилеси шарт түзөт. Анткени бул оору тазалыктын, санитардык эрежелердин сакталбаганынан, ооруну алдын албагандыктан кескин көбөйүүдө. Өткөн жылы республикада ичегинин жугуштуу оорусунан 2 миңден ашуун жаш бала майып болуп калган.

XS
SM
MD
LG