ВАШИНГТОН. Эки күндөн бери АКШ сенатынын аскерий иштер боюнча комитети Ирактагы аскер жетекчилеринин маалыматтарын угуп жатат. Бүгүн комитетке Ирактагы аскерий күчтөрдүн генералдары Жон Абизэйд, Рикардо Санчес жана "Абу-Грейб" түрмөсүнүн жаңы жетекчиси Джеффри Миллер келишти.
""Абу Грейбде" биз сөзсүз ката кетирдик. Бирок, аз адамдардын жасаганы үчүн четте мекен коргоп жүргөн улан-кыздар жабыркабаш керек” деди комитетте маалымат берип жатып генерал Абизейд.
Коргоо министринин өкүлү Пауль Уолфоитздин комитетке кечээ билдиргенине караганда, аскерий жетекчилик Саддам Хусейндин тарапкерлери коалиция күчтөрүнө мынчалык каршылык көрсөтөөрүн күткөн эмес.