Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Партия өкүлдөрү БУУга кат жолдошту


КАРАКОЛ. Бир катар саясий партиялардын жана коомдук кыймылдардын Ысыккөлдөгү өкүлдөрү БУУнун баш катчысына кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу "Асаба" кайра жаралуу саясий партиясынын облустагы бөлүмүнүн лидери Канымет Жакыпбектегин билдирди. Анын айтымында, кайрылуу ээлери АКШнын куралдуу күчтөрү Бириккен Улуттар уюмунун жана дүйнө коомчулугунун пикирин эске албай туруп Иракка согуш ачканын айыпташты. Ирак согушу АКШнын азыркы жетекчилигинин текебер саясатынын кесепетинен болду деп эсептешет алар. Айрыкча колго түшкөн туткундардын "Абу-Грейб" абагында тебеленип-тепселип жаткандыгы дүйнө коомчулугу менен катар аларды да тынчсыздандырууда. Басынтуу, кол салуу, үстөмдүк кылуу аракеттери көрүлүп жаткан мындай терс мамиле АКШнын жетекчилигинин чыныгы жүзүн көрсөтүүдө дешет кайрылуу ээлери.

XS
SM
MD
LG