Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

ИИМ А.Атамбаевдин жан сакчысынын кармалышында саясий негиз жок дейт


БИШКЕК. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкулов бүгүн журналисттерге «Ички иштер министрлигинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жасалган кылмыштарга каршы күрөшүү башкармасынын жетекчиси Чыныбек Алиевдин өлтүрүлүшү боюнча тергөөгө байланышкан маалыматтарды так жазууңар зарыл»,-деп кайрылды. Анын билдирүүсү боюнча, буга «Форум» ишканасынын президенти Алмаз Атамбаевдин жан сакчысынын киши өлтүрүүгө тиешеси бар деген шек менен кармалышы боюнча жазылган макалалар жана аларда жансакчысы атайылап кармалды деп жазылгандыгы негиз берди. «Алмаз Атамбаевдин жансакчысын кармоодо эч кандай саясий негиз жок жана «Форум» ишканасынын кеңсеси оперативдүү-иликтөө иштеринин алкагында тинтилди»,-деди Жолдошбек Бусурманкулов. Анын айтымында, ушул жылдын 15-апрелинде Алмаз Атамбаевдин кызын бычактап кеткендер кармалганды жана ал боюнча ачылган кылмыш иши жакында сотко берилет.

Ж.Бусурманкулов "А.Атамбаевдин кызына кол салууда да эч кандай саясий негиз жок, Диана Атамбаеваны акчасын алуу максатында карактап, кол салышкан" деди.

Ал эми Алмаз Атамбаевдин өзү бүгүн Жогорку Кеңештин имаратында өткөн маалымат жыйынында анын кызына кол салуу боюнча жана жансакчысынын кармалышына байланыштуу маалыматтарды саясий кызыкчылыктан улам берип жатпагандыгын, эч кандай саясий упай топтобой эле турганын, мындай көз караштар негизсиз экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG