Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

«Адилет шайлоо үчүн» атуулдук кошууну маалымат жыйынын өткөрдү


БИШКЕК. «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук кошуун саясий кошуун эмес, ал Кыргызстандын келечеги үчүн күйгөн инсандардын атуулдук кошууну. Анын негизги максаты - парламенттик жана президенттик шайлоолорду калыс жана адилет өткөрүү. Мындай билдирүүнү кечээ түзүлгөн «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук кошуундун жети уюштуруучусу бүгүн маалымат жыйынында билдиришти.

Алардын айтымында, алар мурда болгон саясий бардык окуяларды сызып салып, мамлекеттин келечеги үчүн алдыга карай гана баруу үчүн баш кошушту. Ал үчүн өлкөнүн бардык аймагындагы прогрессивдүү көз караштагы жана патриоттук сезими күчтүү адамдарды өзүнө кошуп, шайлоонун калыс өтүп, күчтүү парламенттин түзүлүшү үчүн кам көрөт. Кошуундун төрагасы Мисир Ашыркуловдун айтымында, шайлоонун калыс өтүшүн бийлик да каалап турат. Кошуунга М.Ашыркулов өз каалоосу менен кошулганын билдирди.

XS
SM
MD
LG