КЕРБАЛА. Ирактын Кербала шаарында бүгүн эртең менен 18 көтөрүлүшчү атып өлтүрүлдү. Маалыматтарга караганда, шийи мусулмандарынын лидери Муктада ас-Садрдын тарапкерлери коалициялык күчтөрдүн бир танкысын аткылаганда, алар ок жаадырышкан.
Азыр согуш шийи мусулмандары ыйык туткан жердин жанында жүрүп жатат. Америкалык аскерлердин айтымында, көтөрүлүшчүлөр аны калканч катары пайдаланышууда.
Катардын “Ал-Жазира” телеканалы Кербаладагы салгылашууда анын бир кызматкери каза болгондугун билдирди.
Бүгүн Нажаб шаарында согушчандар Испан радиосунун журналисти Фран Савильюну туткунга алышты.