ЦХИНВЕЛИ. Түштүк Осетия автономдук облусунда бүгүн парламентке шайлоо өткөрүлүп жатат. Шайлоого Грузин бийлиги катуу көзөмөл жүргүзүүдө.
Грузиянын жаңы шайланган президенти Михаил Саакашвили “Тбилисиге баш ийүүнү каалашпаган республикаларды сүйлөшүү жолу менен Грузиянын курамына кайтарам” деп убада берген. Ал май айынын башында Ажариянын президентин кызматтан кетүүгө мажбур кылган.
Түштүк Осетия 1990-жылдардын башынан бери Грузиядан бөлүнүп чыгуу үчүн күрөш жүргүзүп келген болчу. Бүгүн Түштүк Осетиянын лидери Эдуард Кокоити аталган облус Тбилисиге баш ийбейт деп билдирди.