ЧҮЙ. Ирандан келген делегацияны губернатор Азамат Кангелдиев кабыл алды. Коноктор облустагы бир канча объектилерди көрүштү. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Ирандын Хамадан провинциясынын өкүлдөрү Чүй облусуна кумшекер чыгаруучу завод курууну божомолдоп жатышат. Ушул эле күнү кечинде Забардаш мырза премьер-министр Николай Танаев жана президенттик администрациянын жетекчиси Тойчубек Касымов менен жолугушту. Забардаш мырзанын Чүй облусуна болгон иш сапарынын максаты Ирандын Хамадан провинциясы менен Чүй облусунун мындан ары биргелешип жасай турган иш чараларын талкуулоо.