БЭЭЖИН. Кытайда өнөгөсүз өпкө оорусуна каршы эм дары сынактан өткөрүлүүдө. 2003-жылы вирустук пневмониядан дүйнө өлкөлөрүндө 800дөй киши каза болгон. Кытай өкмөтүнүн азык-түлүк жана дары- дармек департаментинин башчысы эмдөөнүн жыйынтыгын чыгаруу али эрте экенин билдирди:
- Эмдөө өткөрүлгөнүнө 72 саат болду, ыктыярдуу эмделгендердин биринин да ден соолугунун начарлаганы билинбейт. Азырынча баардыгы жайында, бирок бул - вакцинаны иликтөөнүн алгачкы гана баскычы жана биз кандайдыр жыйынтык чыгара албайбыз ,- деп айтты Чжен Сяо-Ю.