Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:28

Камактагы журналист жөнүндө маалымат алууга аракет жасалып жатат


ИЕРУСАЛИМ. Британиянын Израилдеги элчилиги камактагы журналисттин жагдайы жөнүндө Израилдин коопсуздук кызматынан маалымат алууга аракеттенип жатат. "Санди Таймс" гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы Питер Хунам Израилдин ядролук технологиялар боюнча эксперти Мордехай Ванунудан 1986-жылы интервью алган эле. Ал интервьюдан кийин "мекенине чыккынчылык кылды" деп айыпталып, 18 жылга түрмөгө кесилип, жакында эркиндикке чыгарылган эксперт Вануну жөнүндө фильм тартуу үчүн журналист Израилге барган болчу.

Израилдин бийликтери Хунамга адвокаты менен жолугушууга уруксат бербей койушту. Муну кескин сынга алган адвокат мындай жорук Израилдин беделин ого бетер түшүрө турганын айтат.

XS
SM
MD
LG