Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:55

Баткен окуясында курман болгондорго эстелик ачылды


БИШКЕК. 28-майда Бишкекте Баткен коогалаңына катышып, эрдик көрсөткөндөргө арналган эстелик ачылды. Эстеликти ачууга премьер-министр Николай Танаев катышты. Ал Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы, президент Аскар Акаевдин атынан куттуктап, Баткен коогалаңына катышкан төрт аскерди «Эрдик» медалы менен сыйлады.

Коргоо министрлиги эстеликти ачуу менен Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 12 жылдыгын белгилеп, бул датага байланыштуу аскер парады болду.

1999-2000-жылдары Кыргызстандын аймагына эл аралык куралчан топтор кирип келип, аларга каршы күрөшүүдө 46 аскер кызматкери менен жоокер курман болгон. Коогалаңда эрдик көрсөткөн 402 адам мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон.

XS
SM
MD
LG