Сантьягонун соту аны бардык кол тийгис укуктардан ажыратты. Чилини он жети жыл башкарган Пиночетти бийликте турган учурунда адам укуктарын одоно бузганы, саясий оппоненттерин мыкаачылык менен жок кылганы үчүн айыпташууда. Сексен сегиз жаштагы экс-диктатордун тагдыры эми Чилинин Жогорку сотунда чечилүүгө тийиш.