Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:53

Нажабда дагы эле тынч эмес


НАЖАБ. Мындан 2 күн мурда тараптар тынчтык жөнүндө келишим түзүшкөндүктөрүнө карабай, Ирактын Нажаб шаарында америкалык аскерлер менен шийи мусулмандарынын лидери Моктада ас-Садрдын тарапкерлери ортосунда кагылышуулар уланып жатат.

Кечээ Нажабдын губернатору Аднан аз-Зуруфи келишимдин шарттарын бузгандыгы тууралуу Моктада ас-Садрды айыптады. Губернатордун айтымында, келишимде көрсөтүлгөндөй Моктада ас-Садрдын отряддары өз куралдарын өткөрүп бербей жатышат. Ошондой эле алар башка шаарлардан келген көтөрүлүшчүлөрдү да үйлөрүнө кетирбей жатышат.

 

XS
SM
MD
LG