Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

Сот террорчулардын ишин кароодон баш тартты


СТАМБУЛ. Түркиянын коопсуздук соту Стамбул шаарындагы террактарды уюштурду деп айыпталган 69 “ал-каидачынын” ишин кароодон баш тартты. Сот өлкөнүн конституциясына өзгөртүү киргизилгендигине байланыштуу бул иш анын компетенциясына кирбейт деп эсептейт.

- Конституциянын 143-беренесин жоюу тууралуу Конституциялык соттун чечимине ылайык коопсуздук боюнча трибунал бул ишти карай албайт. Аны ким карарын өкмөт чечиши керек, – деди коопсуздук соттун өкүлү Каплан.

Өткөн жылдын ноябрында террорчу топ Стамбулдагы жөөттөрдүн сыйынуу жайынын, британиялык банктын филиалынын жана британиялык өкүлчүлдүктүн имаратынын жанында бир нече жардыруу жасашкан болчу. Жардыруулардан 60тан ашык адам каза болгон.

Прокурор айыпталгандардын бешөөсүн өмүрү өткөнчө түрмөгө кесүүнү сурап жатат.

XS
SM
MD
LG