Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

БУУнун өкүлү ирактыктарды утурумдук өкмөттү колдоого чакырды


Лахдар Брахиминин айтымында, Ирактын алдында турган кийинки маанилүү саясий кадам – шайлоого даярдануу. Ал Багдаддагы бүгүнкү басма сөз жыйында ирактыктарды өлкөнүн жаңы түзүлгөн утурумдук өкмөтүнө шайлоого даярдык көрүүдө жардам берүүгө чакырып, мындай деди:

- Эми өкмөттүн курамы жарыялангандан кийин ал кандай экенине баа берүү ирактыктардын иши. Менимче алар муну алдыдагы маанилүү бир нече айдын ичинде өкмөттүн айткандары менен жасагандарынын негизинде чечет.

Ирактын жаңы өкмөтүнүн курамына канааттанганын бүгүн Иран жана Түркия билдирди. Ирак өкмөтүн Орусия да кубаттап, Иордания жардам убада кылды.
Ал эми АКШ жана Британия кечээ БУУнун Коопсуздук Кеңешине 30-июндан кийин бийликти Ирактын өкмөтүнө өткөрүп берүүнү караган резолюциянын жаңыланган долбоорун сунуш кылды. Документте Ирактагы чет элдик аскерлердин мандаты өлкөнүн конституциялык негизде шайланган өкмөтү кызматка киришкенде аяктаары айтылган. Бул 2005-жылдын соңу, 2006-жылдын башында ишке ашаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG