Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:57

Ысыккөл облусунда кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча демилгелүү топ түзүлдү


КАРАКОЛ. Бул тууралуу кыргыз тилин өнүктүрүү жана сөз кудуретин сактоо кыймылынын ордо кеңешинин төрагасы Чолпонбек Абыкеев билдирди. Анын айтымында, Ысыккөл облусунда, айрыкча Каракол шаарында кыргыз тилинде жазылган көрнөктөр аз. Алар орус тилинен чала сабат которулуп, бул көрүнүш эне тилибизге болгон мамилени түп тамырынан бузууда. Ошондой эле чогулуштар, иш кагаздар дээрлик орус тилинде жүргүзүлөт. «Облуста бир кезде кыргыз тил коому уюшулган экен. Бирок азыр бул коомдун түп орду жок. Муну биз Ысыккөлдөгү жолугушуулар учурунда тактадык», - дейт Абыкеев. Кыргыз тилин өнүктүрүү кыймылын колдоо максатында түзүлгөн демилгечилер тобунун курамына акын, жазуучулар жана журналисттер кирди.

XS
SM
MD
LG