Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Европа комиссиясы Баткен облусуна грант түрүндө 9 миллион евро берет


БАТКЕН. 2-июнь күнү кечке жуук Баткен облусунда Европа комиссиясынын, Кыргыз өкмөтүнүн жана Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын "Фергана өрөөнүндө өткөөл мезгилдин социалдык натыйжаларын чечүү" аттуу долбооруна кол коюу аземи өттү. Ага президенттик администрациянын экономикалык саясат боюнча бөлүм башчысы Кубат Каныметов, Европа комитетинин бөлүм башчысы Брайан Толл, БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ежи Скуратович жана губернатор Аскарбек Шадиев баштаган облус бийлигинин өкүлдөрү катышты. Аталган долбоор Баткен облусу менен Тажикстандын кошуналаш Согду облусунун чектеш аймактарында Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы аркылуу ишке ашырылат.

Негизинен жакырчылыкты кыскартуу максатын көздөгөн бул долбоор 3 багытты - айыл чарбасын өнүктүрүү, кесиптик техникалык билим берүү, суу ресурстарын пайдалануу багыттарын камтыйт. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Европа комиссиясы Баткен облусуна 3 жыл ичинде 9 млн. евро бермекчи.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG