Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

«РЕНТОНГРУППТУН» АМАНАТЧЫЛАРЫ КӨЧӨГӨ ЧЫГЫШТЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек «Рентонгрупп» ишкана жетекчилигине алданган миңге жакын атуул бүгүн акыйкатчы институтунун имаратынын алдына чогулушуп, Турсунбай Бакир уулунан укуктарын коргоп берүүнү өтүнүштү. Акыйкатчы алардын талабын мамлекет башчысына жеткирүүнү убада кылды. Ал эми аманатчылар болсо жогорку бийлик өкүлдөрү үч күнгө чейин алардын талабына жооп бербесе, Акүйдүн алдына келип ачкачылык жарыялай тургандыгын эскертишти.

«Рентонгрупп» ишканасына алданган атуулдар адегенде, Бишкектеги Максим Горькийдин эстелигинин алдына топтолушту. Андан соң алар арыз-муңдарын айтыш үчүн акыйкатчынын имаратына чубап барышты. Алар буга чейин өкмөткө, Жогорку Кеңешке, президентке кайрылышкандыгын, андан эч кандай натыйжа болбогондугун айтышып чурулдашты:

- Биз буга чейин мамлекет башчысына, Жогорку Кеңешке, өкмөткө, бардык жогорку бийлик органдарына кайрылдык. Андай кайрылуулардан бир нече айдан бери эч кандай натыйжа болгон жок. Акыры бир айла, жардам болобу деп акыйкатчыга келдик, - деди аманачылардын демилгелүү тобунун мүчөсү Лилия Григорева.

«Рентонгрупп» ишканасынын жетекчилиги 2003-жылдын август айында белгисиз жакка качып кеткендиги маалымдалган. Демилгелүү топтун маалыматына караганда, ишкана жетекчилиги өлкө боюнча үч миңге жакын атуулдун 250 миллиондой сомун алып кеткен. Андан бери аталган ишкананын Бишкекте жашашкан аманатчылары айына жок эле дегенде эки жолу нааразылык акциясына чыгышат. Аманачылардын талабы менен буга чейин өкмөттүк, депутаттык комиссиялар түзүлгөн. Мындан сырткары, мамлекет башчы өткөн жылдын декабрь айында кыргыз телеси аркылуу "түз эфирде" сүйлөгөн сөзүндө жакынкы күндөрү күнөөлүүлөрдү таап, аманачылардын акчасын төлөтүп берүүнү убада кылган.

«Мамлекет башчынын мындай убадасынан бери жети айдан ашуун убакыт өтсө да андан эч кандай натыйжа боло элек», дешип кыйкырышты нааразылык акциясына чыгышкан аманатчылар:

- Бул кыргыз өкмөтүндөгү коррупциядан улам болууда. Ошондуктан, бийликтегилер бул маселенин чечилишине кызыкдар эмес, -дейт Лилия Григорева.

Ал эми Турсунбай Бакир уулунун айтымында, элди алдап кеткен адамдардын артында Акүйдөгү жогорку бийлик өкүлдөрү тургандыктан, алардын маселеси бир нече айдан бери чечилбей келет:

- Бүгүнкү күнү көп эле ушундай чыр-чатак чыккан жерлерди изилдеп көргөндө элди алдаган уюмдарын артында жогорку кызматтагы адамдар тураары белигилүү болуп калды. Бүгүнкү күнү бардыгынын коргоочулары бар деп айтып жатышпайбы. Андай колдоочулардын бары Акүйдө отурушат. Анткени алар уруксат бербесе, «Рентонгрупп» кайдан түзүлмөк. Аларга кимдир-бирөө айтып койбосо, алар качып кете алышпайт эле да.

Турсунбай Бакир уулу аманатчылардын талабын тез аранын ичинде мамлекет башчысына же президенттик адаминстрациянын жетекчисине жеткире тургандыгын убада кылып, бул маселени өлкө жетекчиси гана чече алаарын кошумчалады:

- Бул маселени мамлекет башчысы чечиш керек. Анткени ага бардык мамлекеттик органдар баш ийет.

Ал эми аматчылар болсо, эгерде алардын мындай талабы эки-үч күн ичинде аткарылбаса Акүйдүн алдына нааразылык акциясына чыгышып, ачкачылык жарыялай тургандыгын эскертишти:

- Мен айта кетейин, эгерде, жакынкы бир-эки күндүн ичинде биздин талаптар аткарылбаса, анда биз Акүйдүн алдына чогулабыз. Биз ал жерде алачык тигип, Аскар Акаев бизди кабыл алгычакты ачкачылык жарыялабыз,- деди аманатчылардын бири Наташа Туманова.

XS
SM
MD
LG