Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:44

ИРАКТЫН КООПСУЗДУГУН 30-ИЮНДАН КИЙИН КИМ КАМСЫЗДАЙТ?


Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши өзүнүн жекшемби күнкү жыйынында Иракта 30-июндан кийин киргизилчү коопсуздук чараларын талкуулады. Бул күнү Кошмо Штаттары башындагы коалициялык күчтөр бийлик укуктарынын бир бөлүгүн Ирактын өткөөл өкмөтүнө өткөрүп беришет. АКШнын БУУдагы элчиси Жон Негропонтенин айтышынча, Коопсуздук Кеңеши кабыл алынчу резолюция боюнча бир мунасага жетишкени калды.

Кошмо Штаттардын Улуттар Уюмундагы элчиси Жон Негропонтенин сөзүнө караганда, Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү чукул арада Ирактагы эл аралык күчтөрдүн 30-июндан кийинки статусу боюнча бир бүтүмгө келишет:

-Биз резолюциянын бул долбоорун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү колдооруна толук негиз бар деген ишенимдебиз.

Негропонтенин бул кебин Чилинин БУУдагы өкүлү Херальд Муноз да колдоду:

-Менин оюмча, биз өтө үзүрлүү эмгектендик жана бир мунасага келгени калгандык. Кошмо Штаттар менен Улуу Британиянын делегациялары биздин түйшөлткөн суроолорду жана сунуштарыбызды эске алышты.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл жана Ирактын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Ияд Аллауи Улуттар Уюмуна бөлөк-бөлөк жолдогон кат көп улуттуу күчтөрдүн 30-июндан кийинки статусуна аныктык киргизди.

Аллави өз катында коопсуздук операцияларын талкуулоо үчүн ал улуттук коопсуздук комитетин түзөөрүн, бу комитет, өз кезегинде эл аралык күчтөр менен операцияларды координациялоонун жана кызматташунун шартын аныктап чыгаарын жазган.
Пауэлл “Ирактын коопсуздук күчтөрү тийиштүү министирликтерге баш ийээрин” белгилөө менен, көп улуттуу аскерлер “бирдиктүү командачылык астында болуш үчүн Ирактын коопсуздук күчтөрү менен улуттук, регионалдык жана жергиликтүү деңгээлде макулдашып аракеттенет”, -деп жазат катында.

Бул эки кат менен Коопсуздук кеңешине мүчө 15 өлкөнүн өкүлдөрү жекшемби күнү таанышты.

Байкоочулар: “Непада Ирактын өкмөтү АКШ башындагы чет элдик аскерлердин операция өткөрүүсүнө уруксат бербей койсо эмне болот?” – деп кооптонушууда азыртан эле.

Бул эки катта көрсөтүлгөндөй, тараптар чалгындоо маалыматтарын тең бөлүшүп турат. Америкалыктар ирактык аскерлер өлкөдөгү коопсуздук үчүн толук жоопкерчиликти өздөрүнө алмайынча аларды машыктырууну уланта беришет. Негропонте түшүндүргөндөй, эки каттын мазмуну “Ирак армиясы менен полиция күчтөрү улуттук өкмөттүн башкаруусу астында болоорун ырастап турат”.

Айта кетчү нерсе, Ирак өкмөтүнүн мүчөлөрү аскерий операция боюнча чечим кабыл алууга катышууну каалашпасын, лекин, аларда америкалык жана британиялык күчтөрдүн операциясына вето жарыялоо укугу болуусун кааларын билдиришкен. Резолюциянын долбоорунда да Ирак өкмөтү БУУнун Коопсуздук кеңешине каалаган учурда кайрылып, коалициялык күчтөрдүн мандатын жокко чыгарууну талап кыла алат деп белгиленген.


Бирок Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү арасында коалициялык күчтөрдү Ирак өкмөтүнүн контролдоосу боюнча келишпестиктер дале сакталууда.
Франция маселен, коалициялык аскерлер ар кандай операцияны Ирак өкмөтүнүн макулдугу менен жүргүзүүсүн резолюцияда жазып коюуну талап кылууда. Франциянын Улуттар Уюмундагы элчиси Жан-Марк де ла Сабльер Аллави менен Пауллдин катына канааттанганын билдирип, мындай деген пикирин айтты:

-Биздин оюбузча, резолюциянын долбооруна Кеңештин бардык мүчөлөрү макул тапкан айрым жоболорду жана өткөн жумада Француз делегациясы башка тараптар менен чогуу айтып келаткан сунуштарды киргизүү өтө маанилүү.

Кошмо Штаттардын БУУдагы өкүлү Жон Негропонте АКШ жетектеген көп улуттуу аскерлердин 30-июндан кийинки Ирактагы статусун аныктаган бул резолюция шейшемби күнү бекитилет деген үмүттө.

Сөз акырында айтка кетчү нерсе, Ирактын жаңы жетекчилиги коалициялык күчтөрдүн өлкөдөн чыгып кетүүсүнө каршы. АКШ башындагы аскерлер кетсе өлкөдө башаламандык жана жаатташтык согушу башталат деп кооптонушат алар.

XS
SM
MD
LG