Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

Америкалыктар Рональд Рейган менен коштошуп жатат


АКШнын 40-президенти өткөн ишембиде 93 жаш курагында дүйнөдөн кайткан эле. Маркумдун сөөгү салынган табыт учурда коштошуу үчүн ал өзү акыркы жылдары жашаган жер - Калифорния штатынын Семи Вэлли шаарчасында коюлду. Ал эми эртең Рейгандын сөөгү Вашингтонго АКШ Конгрессинин имаратына алынып келинет. Анын акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү жума күнү өтөт. 11-июнь - АКШда улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Рейгандын сөөгү кайра эле ушул күнү Калифорнияга алып барылып, Семи Вэлли шаарчасында, анын ысымындагы президенттик китепканада жерге берилет.

XS
SM
MD
LG