Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:00

ООГАН ПРЕЗИДЕНТИ КОЛ БАШЧЫЛАР МЕНЕН ЖАШЫРУУН ТИЛ ТАБЫШТЫБЫ?


Азиза Турдуева, Прага Маалымат каражаттары Ооган президенти Хамид Карзай ал өлкөдөгү айрым ири кол башчылар менен макулдашууга барды деп жазып чыгышты. Бирок президенттин өзү мындай маалыматтарды четке кагууда. Эл аралык эксперттердин пикиринде, Карзайдын аскер башчылары менен кандайдыр бир макулдашууларга барышы өлкөнүн келечине кедергисин тийгизиши ыктымал.

Ооганстан президенти чындыгында эле өткөн эки апта ичинде Кабулдан тышкары жерлерди көзөмөлдөгөн айрым ири кол башчылар менен жолугушкандыгын өзү да ырастап жатат. Бирок Карзай алар менен кандайдыр бир макулдашууга кол коюлгандыгын, же болбосо алардын өкүлдөрү менен биргелешкен коалициялык өкмөт түзүү боюнча маселелерди талкуулаганын ырастаган жок. Ал президенттик шайлоодон кийин өлкөнү башкаруу боюнча саясий келишим түзүлдү деген кабарды да жокко чыгарды.

Ооганстан боюнча адистер болсо Хамид Карзайдын мындай жолугушууларын өлкөдө алдыда боло турган президенттик шайлоолорду утурлаган иш-чара катары баалашууда. Алар Карзай менен таасирлүү кол башчылардын ортосунда шайлоочуларды каттоону жакшыртуу боюнча бир катар макулдашуулар болду деген жоромолду да айтып жатышат.

Эл аралык серепчилер ушул жылдын сентябрь айында Ооганстанда өтө турган президенттик шайлоодо Хамид Карзай жеңип чыгышы толук ыктымал деп болжолдошууда.

Ушул аптанын башында “Вашингтон пост” гезитине берген интервьюсунда президент Карзай жолугушуу учурунда айрым таасирдүү кол башчылар сентябрдагы шайлоодо ага каршы талапкерди койбойбуз деп өзүнө билдиргендиги жөнүндө маалымдаган.

Ооган президенти белгилегендей, кол башчылар да президенттикке башка талапкерлердин көрсөтүлүшү аскердик чыр-чатакты пайда кылышы ыктымал деген көз карашта. Карзай кол башчыларды саясатка тартып, алардын ортосунда тирешүүлөргө жол бербөө керек деп эсептейт.

Ал эми Лондондогу эл аралык стратегиялык изилдөөлөр борборунун аналитиги Христофер Ленгтон “Азаттык” радиосуна берген маегинде президент Карзай айрым кол башчылар менен саясий келишим түзүүгө жетишти деген оюн айткан:

- Карзай менен кол башчылар деген адамдардын ортосунда, тактап айтканда, батыш Ооганстандагы Герат вилайетиндеги Исмаил хан, өлкөнүн түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарын көзөмөлдөгөн генерал Достум, кыязы, коргоо министри Мохаммад Фахимдин ортосунда өз ара макулдашууга жетишилди деп айтсак болот. Мындан эки апта мурдагы жолугушуусунда алар Хамид Карзайга анын президент болушуна каршы чыкпайбыз деген убадасын беришкен. Карзай аларга силердин бул кадамыңар үчүн аймагыңарга белгилүү бир автономиялык укук беремин деп айткан деген болжолдор бар.

Христофер Ленгтон ошондой эле, Карзай өлкөнүн түштүгүндөгү пуштун урууларынын аксакалдары менен шайлоочуларды каттоону жеңилдетүү боюнча олуттуу бир келишимге жетишүүгө аракет кылууда деп эсептейт.

Ал эми Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн айрым өкүлдөрү президент Карзай менен кол башчылар ортосунда коалициялык өкмөттү түзүү боюнча сүйлөшүүлөр болду деген кабарга өтө нааразы.
Ооганстандын маалымат министринин орун басары Абдулхамид Мобарис жер-жерлердеги өкмөткө баш ийбеген аскер кошуундарынын башында турган диний фундаменталисттер менен коалициялык өкмөт түзүү эми гана түптөлүп келе жаткан демократиялык реформаларга чоң зыянын тийгизет деп эсептейт.

Мындай пикирди Хьюман Райтс Вотч уюмунун Ооганстан боюнча адиси Жон Сайфтон да жактайт. Ал “Азаттыкка” берген маегинде Карзай менен кол башчылардын ортосунда саясий келишим түзүлдү дегенге көп ишенбестигин айтып, бирок эгер ушундай келишим түзүлсө, ал өлкөнүн келечегине өз кедергисин тийгизет деген көз карашын билдирген:

- Бул жерде кандайдыр бир келишим болгондугу жөнүндө биз билбейбиз. Бирок президент Карзайдын айрым бир баш ийбеген аймактардын кол башчылары - Исмаил хан жана генерал Достум сыяктуу адамдар менен жолукканын биз билебиз. Карзайдын бул жолугушуусун алдыдагы шайлоону эркин жана адилеттүү өткөрүү максатында жасаган саясий кадамы катары бааласа болот. Бирок Ооган президентинин мындай кадамы бизди тынчсыздандырууда.

Жон Сайфтон ошондой эле, Ооганстандын келечеги кол башчылардын ортосунда түзүлгөн ар кандай келишимдерге негизделбеши керектигин Карзай түшүнүүгө тийиш деген пикирин билдирди. Сайфтон айткандай, өлкөнүн келечеги эркин жана адилет шайлоонун негизинде түзүлгөн мыйзамдуу өкмөткө байланыштуу болмокчу.

Карзайдын өзү да азыр Ооганстандын келечеги үчүн күчтүү жана туруктуу өкмөт түзүү башкы максат экендигин айтууда.

XS
SM
MD
LG