Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Европарламентке болгон шайлоого баа берилди


Евробиримдиктин өкмөттөрү уюмга мүчө 25 өлкөдө Европарламентке болгон шайлоого өз бааларын беришти.

1-майда биримдикке 10 жаңы өлкө кошулгандан кийин өткөн алгачкы шайлоодо Британия, Германия, Франция, Италия, Ирландия, Португалия, Чехия, Польша, Балтия жана Скандинавия өлкөлөрүндө башкаруучу партиялар оппозицияга жеңилди.

Германиянын канцлери Г.Шрөдер жетектөөчү Социал-демократтык партия шайлоодо утулса да, социалдык чыгымдарды кыскартууну токтотпосун билдирди:

- Биз азыркы саясат - реалдуу көз караштан алганда - зарылчылык болгондуктан, аны уланта беребиз жана улантышыбыз керек. Бул саясатты жүргүзүү үчүн мен баарын жасайм.

Италиянын премьер-министри Силвио Берлускони ал башындагы “Forza Italia” партиясынын жеңилүүсү үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.

XS
SM
MD
LG