Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:06

КАДР САЯСАТЫ ЖАНА КОРРУПЦИЯ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны эки күндүк талкуудан соң «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Оппозициялык маанайдагы депутаттар мыйзамды кабыл алуу өлкөдө авторитардык бийликтин күчөшүнө алып келээрин белгилешип, аны жактырууга каршы болушту.

Мыйзам долбоорунун тегерегинде ондон ашуун депутат сөз сүйлөштү. Алардын дээрлик бары тең эгемендүүлүк жылдары Кыргызстанда мамлекеттик кадр саясаты башаламандык менен коштолгондугун айтышты. Кадр саясатын жемиштүү жүрүгүзүш үчүн мындай мыйзам долбоорун кабыл алуунун зарылдыгын белгилешти.

Президент сунуш кылып жаткан бул долбоордун негизинде өлкөдө бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын жүргүзүү максатында кызмат иштери боюнча улуттук комиссия түзүлмөкчү. Ал бардык мамлекеттик кызматчыларды дайындоого, көтөрүүгө же жумуштан алууга макулдук берет. Ал эми анын төрагасы мамлекет башчы тарабынан беш жылга дайындалат.

Ошондой эле бардык министрликтерде, комитеттерде кадр саясатын жүргүзүү максатында мамлекеттик катчылык кызматы уюштурулат. Ал улуттук комиссия тарабынан сунушталып, президент дайындайт.

Талкуу учурунда айрым депутаттар буга чейин мамлекеттик кызмат орундары сатылып келгендигин айтышып, аталган мыйзамды кабыл алуу менен кадр саясатындагы соодалашуу мындан дагы күчөөрүн билдиришти. Алардын пикирине караганда, эгерде аталган мыйзам кабыл алына турган болсо, ар бир министрлик, ведомстволордо уюштурулган мамлекеттик катчы президенттин кадр саясаты үчүн акча топтогон капчыкка айланат:

- Мыйзам долбоорун кабыл алсак өлкөдө коррупция менен паракорлук ого бетер күчөйт. Буга чейин кызматка орношкондор акчаны ар кимге берип келсе, эми андай акчаны жогору жактан дайындалган мамлекеттик катчылар чогултушат. Башкача айтканда, алар мамлекет башчысынын капчыгына айланат. Демек, бул мыйзам ошол капчыктагы акчаны көбөйтүү максатында жазылды деп эсептейм, -дейт депутат Исмаил Исаков.

Адахан Мадумаровдун пикиринде, «балык башынан сасыйт» болуп, кадр саясатын жүргүзүү өлкө жетекчиси тарабынан бузулууда. «Ал эми кыргыз бийлиги мындай мыйзамды өлкөдө кадр саясатын жакшыртуу үчүн эмес, дүйнө коомчулугуна жакшы көрүнүү максатында кабыл алууну сунуштоодо» деп кошумчалады Мадумаров:

- Өлкөдө "балык башынан сасып" жатат. Ошол башы тазаланмайынча коррупциянын куйругу үзүлбөйт. Бул мыйзам болсо бийлик кагаз жүзүндө коррупцияга каршы күрөшүү ишинин алкагында эл аралык уюмдардын алдында отчет бериш үчүн керек.

Ушундай эле пикирди Кубатбек Байболов, Өмүрбек Текебаев айтышты. Ал эми Алымбай Султанов, Ишенбай Кадырбеков, Исмаил Исаков жана башка депутаттар өлкөдө жеке бийликти чыңдоого өбөлгө боло турган мындай мыйзамды кабыл албоону сунушташты.

Махмуд Күчүков, Иса Токоев, Темир Сариев жана башка депутаттар болсо мындай мыйзам долбоорун кабыл алуу менен жаңы министр дайындалганда мурдагы кызматкерлерди жумуштан кетирүүгө бөгөт коюлуп, өлкөдө ийгиликтүү кадр саясатына жүргүзүүгө өбөлгө болоорун белгилешти:

- Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматкерлер натыйжалуу иштебей жатат. Анткени, ар бир кызматкер жаңы министр келгенде эле кызматтан алынат же кызматы боюнча текшерүүгө кабылам деп корко баштайт. Ошондуктан, бул мыйзамды кабыл алуу кызматкерлердин укугун коргоого же мамлекеттик кызматтын кадыр-баркын көтөрүүгө өбөлгө түзөт, - деди Темир Сариев.

Талкуунун жүрүшүндө эки ача пикир туулду: биринчиси, мыйзам долбоорун кошумча-алымчасы менен биринчи окууда кабыл алуу керек деген. Экинчиси, аны кабыл албоо керек деген. Добуш берүү учурунда залда отурган 48 депутаттын ичинен 42 депутат мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу сунушун колдошту. Ошентип, аталган мыйзам долбоору талкуу учурунда түшкөн депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен палатанын күзгү отурумунда кайрадан карала турган болду.

XS
SM
MD
LG