Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:37

Жалалабадда малдан жугуучу оорулар күчөдү


ЖАЛАЛАБАД. Мындай маалымат эпидемияга каршы иш жүргүзүүчү облустук комиссиянын жыйынында айтылды. Жугуштуу оорулар малдын өзүнөн жана эт базарларынан жугушу мүмкүн. Ылаңды алдын алуу үчүн саан уйлардын санын тактап, мал чарба азыктары сатылуучу базарлардагы көз боёмочулукту, ыпластыкты жоюу абзел дешет адистер. Бруцеллез менен ооруган адамдар былтыркыдан 31 пайызга азайганы менен, ветеринардык дарыларга ишеним аз. 94 миң уй, жылкы, кой, эчки текшерилип, бруцеллез менен ылаңдаган 180 баш уй жок кылынган.

Облустагы эпидемиологиялык абал талкууланган кеңешмеде жугуштуу ооруларга каршы күрөштүн жолдорун түшүндүрүү иши аксап жатканы белгиленди.

XS
SM
MD
LG