Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:04

Пенсиядагы милиционерлер президентке кайрылышты


БИШКЕК. Ички иштер министрлигинин отставкадагы беш полковниги пенсия алуу укугун коргоп берүү талабы менен президент Аскар Акаевге кайрылышты. Полковник Карабай Асаналиевдин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, өкмөт 1995-жылдагы токтому менен «Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөгү» 1993-жылы кабыл алынган мыйзамдын талаптарын бузууда. Натыйжада, 1995-жылдан бери мурдагы милиция кызматкерлерине кеминде 194 миллион сом төлөп бербей койгон.

«Өкмөттүн мындай токтомун жокко чыгарууну мамлекет башчысынан өтүнөбүз, эгерде биздин талап канааттандырылбаса сотко кайрылууга мажбур болобуз», - деп белгиледи полковниктер Карабай Асаналиев жана Марсель Исаков.

 

XS
SM
MD
LG