Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:26

Танаев парламенттин комитетинде отчет берет


БИШКЕК. 21-июнда премьер-министр Николай Танаев Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана конституциялык мыйзам комитетинде өкмөттүн өткөн жылдагы иши боюнча доклад жасаары күтүлүп жатат. Комитет өзүнүн кеңейтилген отурумунда мындан тышкары Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын маалыматын угат жана «Өкмөт жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорун талкуулайт. Бул күнкү талкуунун жыйынтыгы боюнча комитет аталган маселелерди парламенттин 23-июнда боло турган сессиясынын күн тартибине кошуу-кошпоо сунушун айтат.
Комитеттин төрага орун басары Искак Масалиевдин билдиргенине караганда, сессияда 60 чамалаш маселе каралышы күтүлүп жатат. Бирок айрым олуттуу маселелер кийинкиге калтырылууда. Маселен, башкы прокурордун отчету күч структураларынын отчетторун бир блок кылып кароо максатында күзгө калтырылды. Ошондой эле бул сессияда акыйкатчынын отчету да каралбай калды:

- Омбусмандын отчетун биз күн тартибине шашып киргизип алыптырбыз. Кийин мыйзамды карасак, биринчи Мыйзам чыгаруу жыйыны акыйкатчынын докладын угуп, токтом кабыл алышы керек экен. Аны биз бекитип беришибиз керек экен. Бүгүнкү күнгө чейин Мыйзам чыгаруу жыйыны омбусмандын жылдык докладын уга элек.

XS
SM
MD
LG