Даңазалуу “Битлз” тобунун мүчөсү Пол Маккартни кечээ Европа турнесинин алкагында Санкт-Петербургда концерт берди. Кышкы Сарайдын алдында өткөн концертке 50 миңдей көрүүчү чогулду. Буга чейин Маккартни Москвадагы Кызыл аянтта ырдаган. Тирүү легенданы көрүү үчүн Украинадан, Казакстандан атайын келгендер да болду.