Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:12

Облустук администрациянын кеңейтилген кеңешмеси өттү


ЖАЛАЛАБАД. Кеңешме өткөн беш айдын жыйынтыгын чыгарды. Электр энергиянын акысын өндүрүү жана өкмөттүк гезиттерге жазылуу абалын талкуулады. Кеңешмеде белгилүү болгон маалыматтарга караганда, облустун 6 айлык милдеттенмеси 104 пайызга орундалышы күтүлүүдө. Салыктын 95 пайызы жыйналган. 1996-жылдан бери өкмөт казыналык мекемелер менен айыл өкмөт кызматкерлеринин 51,7 млн. сомдук маянасын төлөй албай келатат. Өнбөгөн салыктын көлөмү 38 млн. сомго жетип, чоң карыздары бар 16 мекеме сотко берилди. 138 млн. сомдук электр акынын көпчүлүгү Жалалабад, Ташкөмүр шаарлары менен Сузак районуна тиешелүү.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG