Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Нарын шаарындагы акыр чикирлерди он күндүн ичинде тазалоо мөөнөтү белгиленди


НАРЫН. 24-июнь күнү облустук, Нарын райондук жана шаардык мекеме уюмдарынын, ишкана, соода жайларынын жетекчилери чогултулуп, Нарын шаарын тез арада акыр-чикирлерден тазалоо милдети алдыга коюлду. Шаардын 54 жеринде орун алган 300 тоннага жакын акыр-чикирлер мекеме, уюм, ишканаларга даректүү берилип, бекитилди. Шаардын чыгышынан батышына чейинки узундугу 22 чакырымга созулган борбордук көчүнүн жээктерин күзгүдөй кылып тазалоо, бактарды актоо керектиги дагы баса айтылды. Анткени июль айынын алгачкы он күндүгүндө Нарын шаарына президент Аскар Акаев жана Ага Хан IV келээри күтүлүп жаткан экен.

XS
SM
MD
LG