Москва шаар башчысынын орун басары Юрий Росляк жетектеген өкмөттүк комиссия кыргызстандык кесиптештери менен экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкууламакчы. Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы саясий-экономикалык алака-катыш Кантта аскерий база ачылгандан кийин абыдан оожалды. Ага чейин Кыргызстан Орусиянын айрым региондору менен эки тараптуу кызматташуу тууралуу макулдашууларга кол коюп келсе, кийинки бир жыл ичинде экономикалык алыш-бериштердин арымы кыйла кеңейди.
Москва шаарынан келген өнөрпоздор орус жамааты басымдуулук кылган айыл-шаарларда оюн коюп, эгемендиктин алгачкы жылдары арасы кыйла сууй түшкөн туугандык ымаланы жандантуу аракетин көрүшүүдө.
Москвалыктардын катарында Орусияда иштеп-жашап жүрүшкөн улутташтарыбыздын жаматынын атынан келген өкүлдөр да бар.