БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаев Россия Федерациясынын Федералдык жыйыны кеңешинин мүчөсү, мурдагы СССР министрлер советинин төрагасы, Россиянын товар өндүрүүчүлөр бирикмесинин башчысы Николай Рыжковду кабыл алды. Мурдагы советтик Кыргызстандын жетекчилеринин катышуусундагы бул жолугушууда А.Акаев Рыжковго «Данакер» орденин тапшырды. Акаев куттуктоо сөзүндө Россияны Кыргызстан менен узак мөөнөттүү өнөктөш, улуу өлкө катары баалады. Рыжков Бишкекке Москванын Кыргызстандагы күндөрүнүн алкагында келген. Бул жолугушуудан мурда президент Москвалык делегациянын жетекчиси, вице-мэр Юрий Рослякты кабыл алган. Москва күндөрү 27-июнда соңуна чыгат.