Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

ТИЛДЕРДИ ҮЙРӨТҮҮ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ


Бишкекте кыргызстандыктардын, америкалыктардын жана кипрликтердин ортосунда тил үйрөнүү алакасын жакшыртуу максатында «Евразия» деп аталган тилдерди үйрөтүү борбору ачылды.

Алгач жаңыдан ачылган бул борборго кыргыз тилин үйрөнгөнү келип атышкан орус кызы Марина жана кыргыз кызы Адель менен аңгемелештик.

-Алгач өзүңдү тааныштыра кетсең?

-Менин атым Марина, 15 жаштамын.

-Кыргыз тилин үйрөнүшүңдүн себеби кандай?

-Менин кыргыз тилин үйрөнүшүмдүн негизги максаты – кыргыз тилинде эркин сүйлөгүм келет. Гезит-журналды окуганды, көркөм кинолорду көрүп, түшүнгүм келет. Кыргыз республикасында жашап жатып, кыргыз тилин билиш - менин парзым.

-Кыргыз ырларынан үйрөнө алдыңбы?

-Эне сага кандай мактоо жарашат,
Эне сенден ким сыймыкты талашат?
Эне менен теңдешалбайт эч бир жан,
Бардык мактоо сага гана жарашат.


-Ырахмат, Марина. Эми сиз өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз?

-Менин атым Адель, 13-мектепте окуймун. Биздин мектепте кыргыз тилин жаман окутат, ошондуктан быякка келдим.

--Кыргыз тили жакшы бекен?

-Ооба, себеби бул менин улут тили…

-Эне тилиң да ээ? Кыргызсың да ээ?

-Ооба, кыргызмын. Менин ата-энеси кыргыз тилин жаман сүйлөгөн…

-Ата-энең үйдө кыргызча сүйлөшпөйбү, Адель?

-Биз... орус тилинде сүйлөшөт…

-Ырахмат, Адель.

«Евразия» тил үйрөтүү борборунда кыргыз тилин үйрөтүү бөлүмү иштей баштаганына 10 күн болуп-бололек экен. Кыргыз тилин үйрөнгүсү келгендер – ар кыл курактагы чет элдиктер, орустар, кыргыздар. Кыргыз тилин окутуу методикасы жөнүндө борбордун жана Ататүрк-Алатоо университетинин окутуучусу Айшат Ботобекова мындайча ой бөлүштү:

- Грамматикага азыраак басым жасайбыз. Фонетикалык, коммуникативдик оозеки сүйлөшүүгө көңүл бөлөбүз. Кыргыз тилин окутууда батыштын акыркы методикалык колдонмолорунан алып пайдаландык.

Кыргыз тилин үйрөтүү боюнча китептер үч баскычта жазылып даярдалууда. Андай китептерди жазып жаткан авторлордун бири, борбордун жетекчиси, филология илимдеринин доктору Кадыралы Коңкобаев:

- «Евразия» билими деп аталган тил үйрөтүү борбору биздин америкалыктар жана кипрликтер менен ойлонуштурулган долбоорубуздун алгачкы кадамы. Келечекте 3 тилдүү мамлекеттик моделге өтүшүбүз керек. Эң биринчи кыргыз тилин үйрөнүү маселесин койбосок, калган иштерибизден жакшы майнап чыкпайт.Ошондуктан эң биринчи кыргыз тили окутулат. Экинчи - орус тили, ал эми бүткүл дүйнө менен байланышта болуш үчүн англис тилин үйрөнүшүбүз керек. Азыр биз кыргыз тилин үйрөтүү үчүн үч баскычта методикалык окуу китептерин даярдап жатабыз. Биринчиси - кыргыз тили чет элдиктер үчүн, экинчиси - кыргыз тили кыргыз тилин билбеген кыргыздар үчүн, үчүнчү баскыч - кыргыз тили кыргыз тилин билбеген мамлекеттик кызматкерлер үчүн.
XS
SM
MD
LG