Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

'Абу-Грейб' түрмөсүндөгү чатакты тергөө үчүн жаңы жетекчи дайындалды


Багдад алдындагы "Абу-Грейб" абагындагы окуяларды тергеп чыгуу милдетин АКШ жетекчилиги кечээ күнү Энтони Жонс деген генерал-лейтенантка жүктөдү. Буга чейин тергөөнү генерал-майор Жорж Фэй жетектеп келген. Өкмөттүн айтымында, тергөө учурунда Ирактагы америкалык аскерлердин башчысы генерал-лейтенант Рикардо Санчес дагы суралышы мүмкүн жана ал суракты Санческе тең генерал өткөрүш керек. Абакты кайтарган америкалык аскерлер анын туткундарын кыйнап-мазактаган жана бир нече аскер камакка алынып, соттолууда.

XS
SM
MD
LG