Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:48

Улуттук Банктын башкармылыгында жаңы дайындоолор болду


БИШКЕК. Президенттин буйругу менен Улуттук Банктын төрагасынын орун басарлары Эмил Абдуманапов, Каныш Шаршекеева, башкармалыктын мүчөлөрү Абдыбалы тегин Сүйөркул, Гулнур Дыйканбаева жана Лариса Цыплакова кызматынан бошотулду. Төраганын жаңы орун басары болуп Максатбек Ишенбаев, Гульзара Өмүрзакова, башкармалыктын мүчөсү болуп Айгүл Алдашева дайындалды. Мындай өзгөрүүнүн натыйжасында Улуттук Банктын башкармалыгынын мүчөлөрү тогуз эмес, жетөө болмокчу. Бул тууралуу Улуттук Банктын маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Июнь айынын башында Улуттук Банктын жамааты менен жолугушууда президент Аскар Акаев өлкөнүн башкы банкынын төрагасы Улан Сарбановго башкармалыктын мүчөлөрүнүн санын кыскартууга тапшырма берген эле.

XS
SM
MD
LG