Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

ООГАНСТАНДА ШАЙЛООГО ДАЯРДЫК КӨРҮЛҮҮДӨ


Азиза Турдуева, Прага Ушул жылдын күзүндө Ооганстанда президенттик жана парламенттик шайлоолордун өтүшү күтүлүүдө. Буга байланыштуу шайлоочуларды каттоо иштери улантылууда. Кыйынчылыктардын бири - көчмөн урууларды каттоо.

"Азаттыктын" ушул тапта Кабулда жүргөн кабарчысы Лoра Винтер маалымдагандай, Ооганстандагы ири көчмөн уруулардын бири "кучи" деп аталат. Биргелешкен шайлоо штабынын өкүлдөрү бул көчмөн уруунун демократия жана шайлоо боюнча сабатсыздыгын жоюу иши кыйынга тургандыгын жакшы түшүнүшөт.

Анткени көчмөн турмушту башынан өткөрүп жүргөн бул уруунун калкы алдыдагы шайлоолорго кызыккылары да келбейт. Аларды демократия жана шайлоолор боюнча окуу-семинарларга катыштыруу да оңой эмес. Кабарчынын билдиришинче, шайлоо штабынын өкүлдөрү кучи уруусунун 15 башчысын Бириккен улуттар уюмунун Кабулдагы кеңсесине чакырышкан. Алардын ичинен бирден өкүл кучи уруусу жашаган 28 вилайетте шайлоо учурунда иштей тургандыгы жөнүндө маалымдашты. Кучилердин башчыларынын бири Вакил Ашраф Ахмадзай мындай дейт:

- Эгерде силер бардык вилайеттерден кучи уруусунан башка 28 өкүлдү тандасаңар, бул силердин ишиңер. Бирок мындай иш-чара ордунан чыкпай калса - ал өзүңөрдүн жоопкерчилигиңерде болот. Бир вилайетке бирден адам деген норма жетишсиз. Анткени, мисалы, кучи уруусуна кирген дагы көп майда уруулар бар. Эгерде аларга башка бир уруулардан барып, шайлоолор жөнүндө кеп салышса, чоочун кишини укпай коюшу да ыктымал.

Ооганстанда жашаган кучи уруусуна 3 миллионго жакын адам кирет. Уруу төбөлү, 50 жаштагы Викин Ашраф Ахмадзайдын айтымында, эгерде сырттан башка бирөөлөр келе турган болсо бул уруудагылар, өзгөчө аялдар шайлоого катышуудан баш тартып коюушу да мүмкүн.

Шайлоочуларды каттоо июль айынын соңуна чейин улантылат. Бирок 10,5 миллионго жакын шайлоочу каттоодон өтпөй калат деген чочулоо бар. Буга шайлоого байланыштуу сабаттын жетишсиздиги да тоскоолдук кылып жатат дешет.

Кучи уруусунун аксакалдарынын бири Ахмадзай белгилегендей, уруу кеңешине кирген 45 аксакал тең сый-урматка ээ жана бул уруудагылар алардын демократия жана шайлоо жөнүндөгү түшүндүрмөлөрүн угушат:

- Кучи уруусунун алыс жерде жашагандары арасында жадагалса Ооганстандын президенти ким экендигин билбегендер да бар. Биз бул жерде шайлоолор жөнүндө көбүрөөк билип, андан соң, биздин уруулар жайгашкан жерлерде бул шайлоолор кандай өтөт, каттоо кандай жол менен жүрөөрү жөнүндө калайыкка түшүндүрүүнү көздөп жатабыз.

Кучи уруусундагыларды бир жерден кармоо да кыйын. Анткени алар Ооганстандын түндүгүнөн түштүктү жана батыштан чыгышты карай кезип, тынбай көчүп жүрүшөт. Бирок алардын башчылары уруулардын көчүп жүргөн жерлери менен багыттарын жакшы билишет. Кучи уруусундагы эркектер бул уруудагы аялдарга сырттан келген бирөөлөр демократия жана шайлоолор жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүнө жол беришпейт.

Бириккен Улуттар Уюмунун атуулдук билим берүү башкармалыгынын Ооганстандагы кеңсесинин өкүлү Амандин Рош айым белгилегендей, кучи уруусундагылардын шайлоочулар катары каттоодон баш тартып жатышына өлкөдөгү коопсуздуктун опурталдуулугу да себеп болууда.

Роштун айтымында, ушул айдын башында эле кучи уруусунун түштүк Ооганстанда жашаган жерлерине 70ке жакын куралдуу согушчан кирип келип, аларды шайлоого катышпоого үндөштү. Амандин Роштун айтымында, кучи уруусунун аксакалдарынын бири куралчандар аларга бир кат таштап кеткендиги тууралуу айткан:

- Ал мага катты берди. Аны Лагар деген жерге куралчан топ келгенде таштап кеткен. “Ал-Каида” тобунан ошол түнү келгендер бул катта эмне деп жазышкандыгын кучи уруусундагылар адегенде түшүнүшкөн жок, бул катта эмне жөнүндө айтылгандыгы жөнүндө билишкен да жок. Бирок, “Ал-Каида” тобунун өкүлдөрү “эгерде чет өлкөлүк бүлгүнчүлөр менен кызматташсаңар, биз силерди өлтүрөбүз” деп коркутушкан,- дейт БУУнун өкүлү.

Ошону менен бирге ал:

- Куралдын бийлиги жүрүп жаткан өлкөдө кантип демократия орнотууга болот? Менимче, адамдар өтө коркуп турушат. Алар биз каттоо кагаздарыбызды кол башчылар куралсыздангандан кийин гана алабыз дешет.

Кучи уруусунун 45 аксакалы менен Ооганстандагы Шайлоо штабынын өкүлдөрүнүн ортосунда эки күн бою сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, ийгиликтүү аяктады. Алардын баары өздөрүнүн урууларындагыларга демократия жөнүндө түшүнүк берип, шайлоого катталууга үндөй турган болушту.

Уруу башчылардын көкүрөктүрүнө шайлоочунун эмблемалары тагылып, колдоруна диаграммалар жана карталар берилген. Мындай көрсөтмө каражаттар алардын урууларына шайлоо жараяндарын түшүндүрүүгө жардам берет. Бирок шайлоого катышууга үгүттөө боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө бир ай гана мөөнөт калды.

XS
SM
MD
LG